Футбол боюнча Ирандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын 8 өкүлү эркек болуп чыкты. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, алар жынысын алмаштыруу үчүн операция жасалчу мезгилди күтүп жатышкан.
Азырынча бул оюнчуларга кандай чара көрүлөрү тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да буга чейин болуп келген мисалдарга таянып, футболчулар белгилүү бир убакытка футболдон четтетилерин болжолдоо мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, кыз-келиндер курамаларынын эл аралык рейтингинде Иран курамасы 56-орунду ээлейт.