Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын дагы эки өкүлү байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-октябрда мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 70 килограммга чейинки салмакта 21 жашка чейинки спортчулардын арасынан оң кол менен күрөшүү боюнча Самир Кургузов 2-орунду алып, күмүш медаль тагынды. Андан тышкары 100 килограммга чейинки салмактагы чоң чеберлердин арасынан Жээнбек Муканбетов 3-орунду багындырып, коло медалга татыды.
Эскерте кетсек, кечээ кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын спортчулары Александр Ли, Шахман Сулейманов жана Ольга Ярославцева өз категорияларында байгелүү орундарды ээлешкен.