Кечээ, 2-октябрда Катарда футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. Катар, Ливан жана Оман курамалары бир тайпада жайгашкан. Өлкөнүн жаштар курамасы 1-турда Катар менен беттешип, 7:1 эсебинде утулуп калды. Голдордун басымдуу бөлүгү кыргыз футболчуларынын коргонуудагы каталарынан улам кирди. 1-турдагы Ливан жана Оман курамалары 0:0 эсебинде тең ойношту.