Ооганстандагы америкалык учактын жарылуусунан кыргыз жараны каза болгондугу айтылууда

Ооганстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн C-130 транспорттук учагы кыйрап, андан каза болгондордун саны 14кө жетти. Учактын ичинде экипаждын 6 мүчөсү, келишим менен иштеп жүргөн 5 адам жана жердеги 3 жашоочу курман болгон. Келишим менен иштеп жатып, учак кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргыз жараны Р.Алымкулов бар экендигин тастыктаган документ келгенин маркумдун туугандары кабарлашты. 
Бул боюнча КРнын Ооганстандагы элчисинин кеңешчиси У.Эралиев SUPER.KG порталына бүгүн, 3-октябрда: "Кыйроого учураган америкалык учакта курман болгондор боюнча элчилик Ооганстандын Тышкы иштер министрлигине кат жиберди. Каза болгондордун жарандыгы тууралуу маалымат аталган өлкөнүн тышкы саясат боюнча мекемесинде жок экендигин, эгер алардын арасында кыргыз жарандары болсо кабарлашарын билдиришти. Ооганстандын коопсуздугу үчүн эл аралык күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышынан кийин көптөгөн кыргыз жарандары Ооганстан мамлекетинен чыгып кетишкен",- деди.
Америкалык учак 2-октябрга караган түнү Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарынын аэропортунда кырсыкка кабылган. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид учакты алар атып түшүргөнүн "Твиттерге" жазып чыкты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aidai88
2015-10-03 12:07:55
Оо кудайым,дуйнодо тынчылык,,токчулук эле болсунчу.
+3
jetinur90
2015-10-03 13:03:11
ооганстандын чыгышындагы жалалабад шаарынын аэропортунда дейби))
+1
Altyn198
2015-10-03 16:46:45
jetinur90, Афганистанда бар Жалалабад деген шаар
+2
EdikoKG
2015-10-03 13:04:14
Даа. Кудай тынччылык берсин.
0
Sake80
2015-10-03 14:20:43
Кыргыз журбогон жер калбаптырда
+1
Mars55
2015-10-03 14:21:03
кудай сакта
0
shustryiboi
2015-10-03 16:09:39
Руслан братан жаткан жерин жайлуу болсун,биз сени эч убакта унутпайбыз,сен биздин журоктордо туболук ачык муноз,тамашакой,ак конул адам бойдон кала бересин!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан