Бишкекке кире бериште эки автоунаанын жарышы ири кырсык менен аяктады (фото)

Бишкек - Кара-Балта трассасында 4 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык бүгүн, 3-октябрда саат 13:00 чамасында аталган трассанын Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу аймагында болду. Күбөлөрдүн айтымында, Бишкекти көздөй катуу ылдамдыкта жарышып бара жаткан Hyundai жана BMW унаалары каршылаш тилкеге чыгып, алдынан чыккан Жигули жана жүргүнчү ташыган кичи автобусту сүзүшкөн. Жигулидеги 3 адамды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти. Окуяга негизги күнөөкөр Hyundai унаасынын айдоочусу экени айтылууда. Жол-кайгуул кызматкерлери унаалардагы видеобайкоо жабдууларын чечип алышты.
"Жигули өз жолунда жай жүрүп келе жаткан. Көпкөн бирөөлөрдүн айынан анын ичиндегилер жабыркап, күтүлбөгөн жерден ооруканага кетишти",- дешти күбөлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Deniza88
2015-10-03 15:34:54
Хундай БМВга тенелем деп муну кордубу. БМВга жетпейт гооо. Жигулидегилер жакшы болсо экен эми .
+2
akyn-jurogu
2015-10-03 17:38:26
Deniza88, Мен лада99 менен БМВ машиналардын далайынан ашкамын, светофордон светофорго чейин...
0
Asan-aka
2015-10-03 17:55:58
akyn-jurogu, тушундобу...
-5
Altun76
2015-10-03 15:57:10
Аай ары жоктор фарсаж болуп кетишет.
+8
dasta
2015-10-03 16:09:03
хундай да озуноо ишенгени учун чыкты да avante х d улгусу екенго bmw ны алып койот болчу... емне болсо да жургунчулор аман болсо болду кудай оозу жаараатын женил кылсын. еми тарткылык болуптур да
0
dasta
2015-10-03 16:10:45
жоог еле жерден жигулиге кыйын болуптур.жараксыз абалда го
0
May
2015-10-03 16:29:02
Жеткен акылынар менен десе, жон жерден 3 адам адам кырсыка учураттынар. Мындай, козу май баскан,өпкөсү жокторду темир тор артына камаш керек.
+5
Arslanbek
2015-10-03 17:44:32
Бмв дан хендай автоунаалар сапаттуу жана ылдам журот.мен 15 жылдык тажрыйбамда кордумго
-7
kilim
2015-10-03 20:48:50
ылдам болгондо ошондой болотда кысып еле журуш керек башкалар жабыркап жатпайбы аллах шыфасын берсин
0
kub_u3_kgstana
2015-10-03 20:50:19
ошентип жарышаардын алдында уйдо ата-эненер бир туугандарынар бар экенин кутуп атканын силер ойлонбойсунарбы...
+1
Merge
2015-10-03 20:51:04
Жарышкандын балакетин алышабы
+1
mayram-akmat
2015-10-03 21:03:36
Кандай болгондо да жаман иш блуптур.
0
Medina87
2015-10-03 21:21:06
Раллинин балакетин алышабы, боодо бироолорго жапа чектирип!
0
sezim2009
2015-10-03 22:10:25
ким кылса оз моюну менен тартат жон журсо олобу
0
Ermek010292
2015-10-04 00:42:17
Даагы катык айдагыла!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан