Бишкекте 85 жаштагы шайлоочу биометрикалык маалыматы базадан чыкпагандыктан добуш бербей кетти

Бишкекте №1316-шайлоо участкасында 85 жаштагы шайлоочу биометрикалык маалыматы базадан чыкпагандыктан добуш бербей кетти. Муну 82 жаштагы шайлоочу Керез Айылчиева билдирип, 85 жаштагы абышкасы добуш бере албай калганын айтты. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 85 жаштагы Бектен Байбосунов тизмеде бар экенин, бирок аппарат анын биометрикалык маалыматтарын тааныбай койгонун билдиришти. "1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун көбүндө Социалдык фонд тарабынан берилчү пин-номерлер жок болуп жатат",- дешти комиссия мүчөлөрү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sezim2009
2015-10-04 19:25:01
Оба боло берет экен менин апамда 40 жылдан бери жашаган жеринен шайлоого барса тизмеде жок экен ото капа болуп кайты булда кээ бир адамдардын шалаакы мамилесинен улам ушундай болуп жатат ошону угуп менда шайлоого барбай койдум
0
aya88
2015-10-04 19:29:47
Даа
0
aya88
2015-10-04 19:31:12
Ак сакал капаланып кетиптир да. Шайлоого да жон бара алабай калдык го.
0
Deniza88
2015-10-04 19:36:49
Мен деле исписокто жок болчумун
0
Barika
2015-10-05 03:39:31
Мен дагы 19жашымда биринчи жолу апамды ээрчип барганмын. Тизмеде жок экенимди билгенимде жаман акыбалда калганмын. Биринчи жана акыркы барганым болду эч качан бизде таза шайлоо болбойт. Барып убарада болбойм!
0
orhidea
2015-10-05 18:01:42
Ошол аппараттардын ошончо зарылчылыгы бар беле тушунбойм. Канчалаган каражат коротуп сатып алышкан, кайра биометрикалык маалымат чогултабыз деп дагы жумушчуларды жалдашты, же ошого жараша шайлоо таза откон жок. Бизден алда канча онуккон мамлекеттер деле андай аппаратты колдонбойт экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан