ИИМ. Жабдыктарды сактоо үчүн шайлоо участкалары түнкүсүн куралдуу күзөткө алынды
2338 шайлоо тилкесинде коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоону республиканын ички иштер органдарынын 10 800 кызматкери жана 11 миңден ашык ыктыярдуу элдик кошуундар камсыз кылышты. Андан сырткары учурда ички иштер органдарынын ардагерлери да милиция кызматкерлерине көмөктөшүүгө чыгышты. Ар бир шайлоо тилкесинде жооптуу кызмат офицери бекитилип, 2ден 7ге чейинки сандагы кызматкерлер иштешти. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, 6-октябрга чейинки мезгилде республикалык ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорку күжүрмөн даярдыкта болот. Шайлоо аймактарында жабдыктарды сактоо максатында жана тартип бузууларга жол бербөө максатында шайлоо тилкелери түнкүсүн куралдуу күзөткө алынган. "Бүгүнкү шайлоо күнүндө бардык шайлоо участкаларында күнү-түнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Андан сырткары бул багытта элдик кошуундар, жарандык коомдор, коомдук ишмерлер, аксакалдарыбыз да иш алып барышат. Бардык жактар менен сүйлөшүп, ишти координациялап жатабыз. Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерге, тартип бузууларга бөгөт коюлат, ага жол берилбейт. Баары көзөмөлдө турат. Кээ бир саясатчыларыбыз уттуруп койсо кызаңдашы мүмкүн, бирок биз баш аламандык уюштурууга жол бербейбиз. Шайлоо боюнча үгүт иштери башталгандан бери 70ке чукул ар кандай шайлоого байланышкан окуялар катталды. Алардын ичинен 6 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Алар боюнча тиешелүү тергөө-иликтөө иштери уланууда, эгерде калган материалдарда кылмыштын курамы бар боло турган болсо, аларга да юридикалык баа берилет. Андан сырткары кечээ, бүгүн да шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери боюнча оперативдик маалыматтар бар, алардын баары текшерилүүдө. Шайлоого байланышкан бардык материалдар аймактык жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилүүдө. Милиция кызматкерлери шайлоо тилкелеринде коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун сактоо маселесин жогорку деңгээлде карашат",- деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.