Шайлоо күнү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында шайлоо участкасынан чыгып келе жаткан милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге 5-октябрда саат 03:00дө кырсыкка кабылгандардын жакындары билдиришти. Алардын айтымдарында, бир милиция кызматкери жаракат алып Чүй облустук ооруканасына жаткырылды.
Маалым болгондой, БМВ үлгүсүндөгү унаада 4 милиция кызматкери шайлоо участкасын кайтарып, чыгып келе жатышканда саат 23:55те катуу ылдамдыкта келе жаткан Ауди унаасы каптал тарабынан сүзүп кеткен. Кырсыктан бирөө жабыркап ооруканага жаткырылса, калганы жаракат алышкан эмес.