Таш түшүрүү иштерине байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр орун алууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан билдиршти.
Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 119-132-чакырымында таш түшүрүү иштери жүрүп жаткандыктан, унаа жолу 30-октябрга чейин саат 10:00дөн саат 15:00гө чейин жабылат. Бул иш 21-сентябрдан бери жүргүзүлүүдө.