Кечээ, 4-октябрда Катардын Доха шаарында жаш футболчулар (19 жашка чейинки курактагылар) арасында Азия чемпиондугунун тандоо турунда 2-тур оюндары болду. Анда кыргыз футболчулары Оман курамасына 4:1 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз футболчуларынан голду Эрнист Батырканов киргизди.
Голдор: Батырканов - Захир Сулайман (2 гол), Асад Хамис, Мухсен Салех
Кошумчалай кетсек, футболчуларыбыз алгачкы беттеште үй ээси Катарга 7:1 эсебинде утулуп калышкан. Тайпада эми 3-турда футболчуларыбыз Ливан курамасы менен беттешет.