Сууда сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 8 медаль тагынышты

Сууда сүзүү боюнча Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 8 медаль тагынышты. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, анда Дарья Таланова 3 дисциплина боюнча байгелүү орундарды алды. Ал 50, 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүп, 3 күмүш медаль алды.
Ал эми уландар арасында Кирилл Вайс 2 медаль тагынды. Анын бири брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышта күмүш тагынса, эркин сүзүүдө өз эсебине коло медаль жазган. Ошондой эле Станислав Карнаухов да 1 коло жана 1 күмүш тагынды (50 метр жана 100 метр аралыкта). Өспүрүмдөр арасында болсо Никита Пауков 800 метр аралыкка сүзүүдө коло медалды багындырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arslan12
2015-10-05 15:21:57
Молодцы, ийгилик силерге!!!
0
Tariel_tt
2015-10-05 16:58:21
Алтын жокбу?
0
nursi94
2015-10-05 19:19:59
kymywko da yraazy bolo berel iygilik azamatsynar
0
arman00
2015-10-05 19:40:58
админ ушу женгендер дуйнолук олимпиядага жолдомо алдывы малымат болсо айтып койунуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан