Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 11 адам жаракат алды

Бишкек - Ош унаа жолунун 102-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу 6-октябрда ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-октябрь күнү таңкы саат 5:00 чамасында Мерседес-Бенц унаасы Ошту көздөй бара жатып каршы жол тилкесине чыгып, Мерседес-Бенц-АКТРОС жүк ташуучу унаасы менен кагылышып кеткен. Андан 37 жаштагы бир жүргүнчү каза болгон. Ошондой эле кырсыктан 11 адам түрдүү жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. 4 жүргүнчүгө ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, тергөө башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mars55
2015-10-06 08:32:40
жаман болуптур
0
514947a
2015-10-06 08:46:27
Бир күндө Кыргызстан боюнча канча авто кырсык болуп, канчалаган адам жабыркоодо, аз сандагы калкы бар эл үчүн бул өтө көп, бир айласын таап, чара көрүү зарыл, мынчалык өлүмдү, кырсыкты алып келүүнүн себеби эмне, адистер ой бөлүшсө, эмне кылсак болот, жарышкандар көбөйдү.
+4
kamuke_72
2015-10-06 09:32:11
Сактанганды,Кудай сактайм деген да.ар кимибиз сак,аяр,сабырдуу болушубуз керек.а так мындай кырсыктарды бир Кудайдан башка эч ким токтото албайт го.
0
Take_men
2015-10-06 09:43:46
Жол эрежесин бузбасак эч кандай ДТП болбойт эле
0
MAKALAK
2015-10-06 20:46:26
айланайындар самолетко эле чыкылачы 500сом кымбат бул жол опасный болуп калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан