Өлкөдөгү 6 карылар үйүндө 766 карыя күн кечирип келет

Өлкөдө 16 жатак-үйүндө ар кандай жаштагы 2350 адам күн кечирип келет. Анын ичиндеги 6 карылар үйүндө 766 карыя бар. Муну бүгүн, 6-октябрда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 480 миң улгайган жаран бар. Алар өлкө калкынын 6,9 пайызын түзүшөт.
"Биздин мамлекетте 58 жаштан өткөн айымдар жана 63 жаштан өткөн эркектер кары адамдарга кирет. Жыл сайын биз улгайган адамдарга көңүл бурууга жана жардам берүүгө арналган бир айлыктарды өткөрүп турабыз. Ошондой эле стационардык мекемелерде жашап келген карылардын тамагына жана дары-дармегине деген каражаттарды көбөйтүп келебиз. 2012-2014-жылдарга карата стратегия иштелип, ишке ашты. Быйыл дагы 2015-2017-жылдарга карата кары адамдарга жардам берүү боюнча стратегия иштелип чыкты",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikokul14
2015-10-06 12:31:03
Кудай сактасын,балдарыбызга ыйман,ынсап берсин жаратканым.Балдары жокторго айла жок дечи,балдары туруп карылар уйундо кун кечиргендердин балдарына мин наалат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан