Бүгүн,
6-октябрда Катарда Азия чемпиондугунун тандоо турунда “В” тайпасында 6-тур
оюндары болот. Анда 19 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн
жаштар курамабыз Ливан менен
беттешет. Беттеш Бишкек сааты
боюнча 23:30да башталат.
Кошумчалай
кетсек, тайпада буга чейин 2 беттеш өткөргөн жаш футболчуларыбыз Катарга
7:1 эсебинде, Оманга 4:1 эсебинде утулушкан.