"Тууганын өлтүрүп, денесин Суусамырга таштап кеткен" деген шек менен Бишкектин тургуну кармалды

27-сентябрда саат 11:30да милицияга Суусамыр өрөөнүндө адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам тергөө тобу бул маалымат боюнча издөө жүргүзүп, Төө-Ашуу-Арал-Кочкор унаа жолунун 35-чакырымында көпүрөнүн жанынан 45-50 жаштардагы азиат улутундагы адамдын денесин табышкан: анын моюну скотч менен байланып, кежигесинде бир нече жаракат болгон.
"Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркумдун өздүгү аныкталган: ал 1960-жылы туулган Баткен облусундагы Лейлек районунун Ю.А. аттуу тургуну экени анык болгон",- деп билдирет мекемеден.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган Бишкек шаарынын тургунун кармашты. Ал маркумга тууган болуп, алар чогуу жашашканы белгилүү болду. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлтүрүү кылмышка шектүүнүн үйүндө болгон. Алар уруша кетишип, кылмышка шектүү тууганынын кежигесине бир нече жолу балка менен урган. Андан соң жансыз денесин Суусамырга алып барып таштап кеткен",- деп жазылат маалыматта.
Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alibi
2015-10-06 13:53:41
Өлтүрүп кетти деген маалымат көп тарачу болду. Акыр заман келет деген ушул белем....
0
Parish
2015-10-06 21:19:35
Эми коробуз да зордук зомбулук адам олтурууго , Онугуу партиясы
олум жазасын киргизебиз деген.
Аткарабы айткандарын???
+2
Gamze90
2015-10-14 19:04:31
Наша менен занимать эткен кишилер экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан