Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылып жатат. Бишкек мэриясынан 6-октябрда билдиришкендей, Бишкек шаарында 4 миңдей үй-бүлөгө 1,5 тоннадан көмүр берилмекчи. Акысыз көмүрдү Ленин районундагы 1131, Октябрь районундагы 500, Биринчи Май районундагы 1050, Свердлов районундагы 1303 үй-бүлө алат. Учурда көмүр Октябрь районунун жашоочуларына таратылып жатат. Калган үч район үчүн 1600 тонна көмүр сапатын текшерүүгө экспертизага жиберилди. Анын жыйынтыгынан соң көмүр таратылып берилет.