Дүйнөдө ар бир секунда сайын эки адам 60 жашка чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда «Кыргыз жергесинин туруктуу өнүгүүсүндө улгайган адамдардын орду» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө "ХэлпЭйдж Интернэшнл" уюмунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Айсулуу Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнө элинин 12,3 пайызын же 901 миллионун кары адамдар түзөт.
"2030-жылы Жер шары боюнча калктын 16,5 пайызы же 1 миллиард 402 миллион адамы карылар болот. Ал эми 2050-жылы бул көрсөткүч 21,5 пайыз, башкача айтканда, 2 миллиард 92 миллионго жетет. Бул өсүш адамдардын жашоо шартынын жагымдуу болушуна байланыштуу болот деп болжолдодук"- деди Камчыбекова.