Мамлекеттик салык кызматынын
Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык
менен пайдалануу фактысы табылды. Бул тууралуу 6-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Эсептөө палатасы
жүргүзгөн аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжасында аталган башкармалыктын башкы бухгалтери Ю.Т. айрым инспекторлор менен көмүскө бүтүм
түзгөн. Алардын төлөм карточкаларына дайыма мыйзамсыз акча каражаттарын
которуп турган, анын себебинен мамлекетке 556,6 миң сом суммадагы зыян
келтирилген. Ошондой эле мамлекеттин бюджетине киреше салыгы жана
камсыздандыруу төгүмү катары 354,9 миң сом которулган эмес.
Бул боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен
пайдалануу”, "кызматтык жасалмачылык”, "ишенип
берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренелерине ылайык кылмыш
иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.