Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Саша табыла элек, аны акыркы жолу Беловодск айылынан көрүшкөн

Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Шорин Александр аттуу өспүрүм дагы деле табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баланын атасы буга чейин соттолгон экен, ал эми энеси мурда каза болгон. "Баланы акыркы жолу Беловодск айылынан көрүшүптүр. Учурда аны издөө уланууда",- дешти мекемеден.

Айта кетсек, бала Кузнечная Крепость көчөсү-384 дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Анын бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү көк, чачы кыска, сары өңдө. Ал көк түстөгү спорттук кийимчен болгон, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Эгер Ш.Александр боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине (0550) 102 872, (0551) 102 805, (0557) 201 268, (0709) 242 483 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanykey125
2015-10-06 12:25:18
Табылып калсын эми кудай буйруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан