Футбол федерациясы Тажикстанга каршы оюнга эрте келүүнү суранды, стадиондун эшиктери 3 саат мурун ачылат

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда орун алчу Кыргыз Республикасы жана Тажикстан беттешине даярдыктар кызуу көрүлүүдө. Бардык коюлган пландар 8-октябрга карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев маалымат жыйынында билдирди.
“Беттешке күйөрмандардын эрте келүүсүн суранабыз. Бул жолу Австралияга каршы беттеште кетирилген каталар эске алынып, бир топ чаралар көрүлдү. Күйөрмандар кире турган эшиктердин саны көбөйтүлдү. Эшиктер беттешке 3 саат калганда ачылат, ошол себептүү мурункудай көрүнүштөрдүн алдын алабыз деп ойлойм”,- деди А.Кадралиев.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары тандоо турунда Тажикстан менен 8-октябрда беттешет. Беттешке 19:30да старт берилери күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AJow
2015-10-06 11:42:26
Бекер болот экенби же акча мененби??
0
kama_future_millioner
2015-10-06 11:42:42
Ийгилик Биздикилергеее
0
Mars55
2015-10-06 12:29:56
билеттин баасы канча экен?
0
edik.toloikon
2015-10-06 13:10:21
Билет 15000$ болот экен
-5
shailoo2015
2015-10-06 13:13:44
150 сомдон 700 сомго чейин билет баасы
+1
Ruslan_d
2015-10-06 13:47:47
Бишкекте болгонумда бармакмын эх сонун оюн болот буюрса!
0
begish_13.03
2015-10-06 13:53:24
Адимин тв коро алабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан