Тажикстанга каршы футболдук беттешке карата Тоголок Молдо, Фрунзе, Панфилов көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

8-октябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан менен беттешет. Бул беттешке карата стадиондун тегерегиндеги көчөлөрдө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Турсунбек Чалов билдирди.
Анын айтымында, жолдор түшкү саат 13:00дө тосула баштайт. Стадион тарапта элдин агымын суюлтуу үчүн аталган аймакка футболго тиешеси жок адамдар өткөрүлбөйт. “Саат 13:00дөн баштап Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки аралыгы, Панфилов көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзеге чейинки аралыгы жабык болот. Унаалар менен катар жөө адамдарды да өткөрө албайбыз. Коомдук тартипти сактоо үчүн жалпысынан 3500дөн ашык кызматкер тартылды”,- дейт Т.Чалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
s5kgbal
2015-10-06 13:35:04
билет канча сом жана канчада башталат?
0
BAYAW-KG
2015-10-06 15:24:56
s5kgbal, http://www.super.kg/mobile/kabar/news/125751/ ушул жерден билсениз болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан