Өлкөдө кары адамдардын 58 пайызы жашоо-тиричилигинен төмөн пенсия алышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда "Кыргыз жергесинин туруктуу өнүгүүсүндө улгайган адамдардын орду" аттуу тегерек столдун жүрүшүндө "ХэлпЭйдж Интернэшнл" уюмунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Айсулуу Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинде пенсионерлердин 9,1 пайызы жакырчылыкта жашайт.
"Республикада кары адамдардын 45,7 пайызы иштейт. Бул алардын кыларга иши жоктугуна байланыштуу эмес, алар иштеп кошумча каражат табышат. Ошол эле учурда пенсияга жакындап калган жана пенсияга чыккан кызматкерлер дискриминацияга учурашат. Бул нерсе мыйзамга туура келбейт, анткени ар бир жарандын иштегенге укугу бар. Муну менен катар бизде улгайган адамдардын 76 пайызы билимдүү болуп саналат. Совет доорунда билим алуу шарт болчу. Ал эми келечектеги карыларыбыздын канча пайызы билимдүү болорун айта албайм, анткени бүгүнкү күндө бул жаатта жаралган маселелер көп",- деди адис.