Бүгүн, 6-октябрда
"Кыргыз жергесинин туруктуу өнүгүүсүндө улгайган адамдардын орду"
аттуу тегерек столдун жүрүшүндө иш-чарага катышып жаткан апалар пенсиянын
орточо көрсөткүчү болгон 4817 сом эмнеге жетерин жазып көрсөтүштү. Алардын
айтымында, өлкөдө 1500, 2500 же 100 миң сом алган пенсионерлер бар.
“Кыргыз
жергесинде дары-дармек өтө кымбат. Ал эми кары адамдар дарысы жок бир күн тура
алышпайт. Ошондуктан айына 1000 сом дарыга жумшалат. 1 бөлмөлүү үйдө жашаган
пенсионер коммуналдык төлөмдөргө ай сайын орточо эсеп менен 1000 сом берет. Күнүмдүк
тазалык каражаттарына 500 сом, бут кийимге 700 сом. Жыйынтыгында 4817 сомдун 1617
сому калды. Ушул сумманы 30 күнгө
бөлгөндө 53 сомдон айланат, бул кайсы жарытарлык тамак-ашка жетет?”- деп суроо салышты пенсионерлер.