Өлкө боюнча күзгү мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандарды кабыл алуу башталды. 18 жашка чыккан уландар аскердик каттоодон өтүп, андан аскерде кызмат өтөөгө жарамдуулардын саны аныкталган. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка караганда, бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынан жана жалпы Чүй облусунан мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандарды кабыл алуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлдөрү, Баткен кагылышынын катышуучулары, “Жоокерлер энелери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, жаш жоокерлердин ата-энелери, туугандары менен жакындары, достору катышышты. Салтанат Башкы штабдын Борбордук армия үйүнүн артисттери даярдаган концерт менен коштолду.
"Мындай иш-чаралар республика боюнча бардык пункттарда өткөрүлөт. 3000ден ашуун кызмат өтөөгө чакырылгандар аскердик кызматын Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, УКМКда, Улуттук гвардияда, эркинен ажыратылгандарды түзөтүү мекемелеринде өтөшөт",- деп айтылат маалыматта.