Кош бойлуу учурунда эки күн комада жатып, көзү чанагынан чыгып кетип каза болгон Светанын жакындары митингге чыгышты

"Энелердин өлүмү качан токтойт?! Дарыгерлер сиңдимди ооруканада беш күн кармап, эч нерсе кылышкан эмес". Мындай пикирин бүгүн, 6-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына нааразычылык акциясына чыккан Анара Дауталиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, сиңдиси быйыл кош бойлуу болуп, ал 17 жумалык кезинде ооруканада эки күн комада жатып, 9-июнда көз жумган. 
"Менин сиңдим Света Дауталиева 2-июнь күнү 17 жумалык боюнда бар кезде суусу кетип, 6-төрөт үйүнө барып жаткан. Гинекологдун берген чечими боюнча, анын ичиндеги суусу аз, көптөгөн миомалары болуп, боюнан түшүү коркунучу жаралган экен. Ага карабай беш күн бою дарыгерлер эч нерсе кылбай, качан 7-июнь күнү сиңдим өзүн жаман сезгенде ага дарыгерлер эки ирет операция жасашкан. Ошол маалда жанында жүргөн эжеси "операция бөлмөсүнөн сиңдим аябай кыйкырды" деп айтты. Кийин белгилүү болгондой, Светанын көзү чанагынан чыгып кетиптир. Ал эми дарыгерлер анын өлүмү боюнча жыйынтык чыгарганда анын боюнда бар экенин жазбай эле, "инфекция ооруларына байланыштуу" деп көрсөтүшкөн. Учурда бул өлүм боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Алар эми кандай чечим чыгарарына бирге күбө болобуз",- деди Дауталиева.
Света Дауталиева жакында 40 жашка чыкмак. Анын артында 6 жашар баласы калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
cezim01
2015-10-06 16:14:03
Окуп журогун эзилетго.
+1
M89
2015-10-06 17:06:16
Азыр врачтартын турган-басканы, ооз ачканы акча болуп калган. Энелердин олуму аларга оюнчу болуп калган. Бирин бири коргоп, аягында баардыгы ак болуп чыга келет коросунор.
+9
Jaigz
2015-10-06 17:14:42
Эмне учун врачтар аттестация тапшырышпайт, башка мамлекеттик органдарда иштегендердин баары тапшырышатко, булардан да жылына бир аттестация алып турушса болотко.
+8
shailoo2015
2015-10-06 18:06:51
Jaigz,ан үчүн министр иштеш керек
+4
vrach
2015-10-06 23:19:33
Jaigz, жылына 2 жолу аттестация жана экзамен тапшырат кандайча врач жаман бут врач жакшы иштейт а так кыргыз врачтары дуйнодо 1 орунда турушат
-7
010288
2015-10-07 16:46:12
vrach, балээгеби кыргыздын врачтары качан олойун деп барганда карашат,а так жонле биир текшеруудон отуп койоюн деп барсан таптазалекесин деп корс жооп берип жолго салышат шумшуктор.
0
orhidea
2015-10-08 01:19:38
vrach, Биринчи орунду кайдан ойлоп таптыныз? Бул жакта келесоолор отурат деп ойлойсузбу, ишене бергидей. Врачтар биздин Медициналык Академияны эле бутурушот. Бир группадан эки студент оз кучу менен эле окубаса калганы взятка берип бутурушот сессияны. Мээлеринде эч нерсе жок. менин деле тааныштарым окуган 3-курс кезинде отравление болгон адамга биринчи жардам кантип коргозушту билбей когон. Арасында билгендери деле болсо керек, бирок аз. жокко эсе.
0
T.Shaiyrbek
2015-10-06 17:55:48
Жайы жаннаттан болсун.Бул нерсени окуп кийинки муундун врачтары кандай болот деп калдым,азыр медфакта окуугандар билишимче сессия убагында 10000 сомдой акча менен бутурушот кудай сактасын эртен алар дипломдуу болушканда...
+5
bolotbek91
2015-10-06 18:06:50
Жайы жаннатта болсун, ал эми врачтарды жоопко тартыш керек
0
ulanium90
2015-10-06 19:51:59
Врачтар адамдык сапаттан чыгып ХХХ ХХХ ХХХ... болуп кетишти, (баары эмес) эртен аркы дуйного барганда суроо-жооптон кокушса болбомок. Эжебиздин жаны бейиште болсун ылайым!
+1
admin_portal
2015-10-07 11:13:22
ulanium90 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Nur.88
2015-10-06 23:02:25
Менин да болом толготуп барса жакшы карабай кыйналып атканда ар кандай даарыларды бере берип реаксия журуп кетип озун жоготуп койгондо анан кесерова кылышты,озу эки кун комада жатты. Азыр кудага шугур жакшы бирок баласы аз эле жашап чарчап калды. Аттин... Биринчи толготуп барганда азыр эрте деп кетирип жиберген экен. Кийин айтса мен силерди биринчи жолу коруп атам деп тан албай коюшту. Биринчи роду болчу да жакшы карашса мындай болмок эмес.
+3
Boldukan86
2015-10-07 00:10:04
Ишибиз тушуп турганда силер жакшы дегенден башка айлабыз жок. Бирок врачтын баары жаман эмес.
0
Ainazka.
2015-10-07 01:38:05
жайы жаннаттан болсун.
+2
raysultan007
2015-10-07 10:10:41
Акыркы убакткарда медицина адамдарга жардам бере албай калгандай сезилет мага. Менин оюмча: 1)врачтарды даярдоодо биздин ЖОЖ дор толук кандуу билим бере албай жатат.
2) ЖОЖду бутуп келип ишке орношордо врачтын билим денгээлине караганда берген парасына кобуроок басым жасалат. Анан элге мединиалык кызмат корсотуунун денгээли жогорудагы факторлорго жараша начарлап жатат.
Билим берууну катуу козомолго алуу керек.Мамлекет Медиктерге камкордукту да талапты да кучотуш керек.
0
nurperi8981
2015-10-07 13:55:12
Ушунун баарына олко башчы куноолу айлыкт ы кобойтуш керек 40мин кылып койсун эч ким нааразы болбойт. Окунучтуу аяабай.
-3
nurperi8981
2015-10-07 14:00:01
мен москвада 2айлык боюмда бар болчу 1куну оруска бардым грубить этти. Эртеси сураштырып кыргыз врачка барсам балан осбой калыптыр алдырыш керек деди. Коркуп кетип кандай кылам десем все капризы за ваши деньги. Толосон алып таштайм толобосон журо бер деген
0
aiturgasha
2015-10-07 18:51:29
вай мынча жаман. жакындарына кудайым сабыр берсин! озу боюнда болуп ,толгоо тартып,торош кыйын. ошо маалда врачтарды айланчыктап каласын. менда торогондо врачтардын этегин кармап жалдырагам оорусуна чыдабай.
0
biikech0
2015-10-07 22:13:11
Күн түшкүлүк кылбасын врачтарга. Менин бир тууган эжемдин да эки баласы тең дарыгердин шалаакылыгынан көз жумду. Жаны кыйналып жатса акча доолап туруп алыптыр. Ош облусундагы Кара-Суу районундагы төрөткананын дарыгерлерин да тескөөчү адамдар бар бекен ыя? Ант ичип жумушка кирген соң , антынан тайбай сөздөрүнө турушпайбы? Врачтар да депутаттардан айырмасы жок эки жүздүү болуп баратышат! Жазаңарды Аллах берсин!
+1
Pantherka
2015-10-15 10:49:56
Биздикиндей врачтар менен картайганда торобой эле койгон он окшотй.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан