Бүгүн, 6-октябрда
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекова журналисттердин
суроолоруна жооп берип жатып, төрөт үйлөрүндө акча үмүт кылган медицина
кызматкерлерине кандай чара көрүү керектигин айтты.
“Акча бербесең
дарыгерлер карашпайт” деген сөздөрдү көп угабыз. Мындай учурда кайсы ооруканада
болсоңуз, ошол оорукананын жетекчисине кайрылуу керек. Ал да болбосо, анда Саламаттыкты сактоо
министрлигине арыз менен кайрылса болот. Биздин бейтаптар көп учурда
айыбы бар дарыгерлерди өздөрү жаап-жашырып коюшат. Мисалы, бүгүн эле мага бир
эже телефон аркылуу кайрылып, №13-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда анын баласына
эмдөө жасашпай жатканын айтып арызданды. “Аты-жөнүн айтыңыз, биз
тиешелүү чара колдонобуз” десем телефонду коюп салды. Ушундай учурлар өтө көп
болгондуктан, кээ бир колу таза эмес дарыгерлер учурдан пайдаланып калышат”,- деди
адис.