7-октябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин баш калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эртең "Белинский" суу тосмосун оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу калаанын Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов жана Абдумомунов көчөлөрүндө таза суу берилбейт. Анын ичинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, "Фабертэк" ишканасы, №3-Шаардык гинекологиялык оорукана, "Жапан Стайл" дүкөнү, "Океан" дүкөнү, "КОСиКОГ", "Пекин" рестораны, Кыргыз драма театры, Улуттук китепкана, Кыргыз улуттук университети, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Улуттук статистика комитети, "Спартак", Кыргыз билим берүү академиясы, Биринчи Май райондук администрациясы, Т.Молдо көчөсү жана Жибек-Жолу кең көчөсү боюнча, "Энергосбыт" ишканасы, №33-орто мектебинде суу токтотулат.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суу камдап алуусун суранат",- деп айтылат маалыматта.