Азия чемпиондугунун тандоо турунда жаш футболчуларыбыз Ливанга да 4:1 эсебинде утулушту

7-октябрь түнү Катардын Доха шаарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасындагы мелдеш жыйынтыкталды. 19 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын курама командасы жыйынтыктоочу беттешин Ливанга каршы өткөрүп, 4:1 эсебинде утулуп калды. Кыргыз футболчуларынан жалгыз голду Жанбото Ырысбек уулу айып соккусунан киргизди.
Тайпада лидер Катар акыркы беттешинде Оман курамасын 2:1 эсебинде утуп, кийинки баскычка чыкты. Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары тайпада буга чейин 2 беттеш өткөрүшкөн. Алгачкы оюнда Катар курамасына 7:1 эсебинде утулса, кийинки беттешинде Оманга 4:1 эсебинде багынган.
2016-жылы Бахрейнде өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна 10 тайпанын жеңүүчүлөрү, мыкты жыйынтык менен тайпаларда 2-орунду ээлеген 5 команда жана үй ээси Бахрейн катышат. 
Азия чемпиондугунун 16 катышуучусу: 

1. Өзбекстан – "А" тайпасынын жеңүүчүсү;

2. Сауд Арабия – "В" тайпасынын жеңүүчүсү;

3. БАЭ – "С" тайпасынын жеңүүчүсү;

4. Катар – "D" тайпасынын жеңүүчүсү;

5. Иран – "E" тайпасынын жеңүүчүсү;

6. Ирак – "F" тайпасынын жеңүүчүсү;

7. Вьетнам – "G" тайпасынын жеңүүчүсү;

8. Түштүк Корея – "H" тайпасынын жеңүүчүсү;

9. Кытай – "I" тайпасынын жеңүүчүсү;

10. Япония – "J" тайпасынын жеңүүчүсү;

11. Тажикстан – тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда;

12. Австралия – тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда;

13. Таиланд – тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда;

14. Түндүк Корея – тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда; 

15. Йемен – тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген команда;

16. Бахрейн – Азия чемпиондугун өз үйүндө өткөрө турган команда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Edik_86
2015-10-07 09:39:59
Уяатта уяатта андан коро шаартыбыз жок эле деп ойнобой койушса болмок ушул команданын уттук дегенин укпадым
0
akyn-jurogu
2015-10-07 09:43:16
Буйруса 2050-жылы утабыз...
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-07 09:53:03
Ойнобой эле койгула.. Жок дегенде 4:3 женилсенер да шүгүр демекпиз. 1 ден жылбай койдуңарго
0
ulanbek120190
2015-10-07 10:12:39
A balli utuldu degen sozdon bawkany ukpai kaldykko chirkin
+1
amanatym
2015-10-07 10:18:33
жакшылап даярданып барышса жакшы болмок, бирок баары алдыда буюрса женишке да жетебиз.Кыргызстан алга!!!
+1
ulanium90
2015-10-07 11:21:07
Эн биринчи бийлик куноолу деп эсептейм,себеби эч кандай колдоо,шарттар жок,футболго америкадагыдай мектептен кызыктырып ар кандай турнирлерди уюштуруп,каржылап колдоо корсотсо анан кучтуу футболчулар чыкмак
+1
briliant87
2015-10-07 11:48:53
Ойнобой эле койгулачы айнанайындар.
+1
EdikoKG
2015-10-07 12:40:02
Топ тоголок. Бирде утасынар. Бирде утуласынар. Ийгилик !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан