Таш-Көмүр шаарынын тургуну маңзат менен кармалды

6-октябрда оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1982-жылы туулган М.И. аттуу жаран маңзат менен кармалды. Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришкендей, тинтүү учурунда кармалган жарандын жанынан полиэтилен пакетине салынган 2 килограмм 102 грамм марихуана маңзаты табылды. Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмү бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.
Учурда иликтөө иштери башталып, кармалган адам аталган мекеменин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал буга чейин соттолгону аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан