"Макмал" комбинатында 1 килограмм алтын уурдалып, "Кыргыз алтынга" 2,4 миллион сомго зыян келтирилди

"Макмал комбинаты" филиалында алтын уурдоо фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы өткөрүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгында 1014,3 грамм алтын жетишпегени табылган. "Кыргыз алтын" ишканасынын комиссиясы мунун себебин аныкташ үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүп, жооптуу кызматкерлер тарабынан кымбат баалуу металлды уурдоо фактысын аныктаган. Мындан улам "Кыргыз алтынга" (уставдык фондунда мамлекеттин үлүшү 100 пайыз) 2 миллион 491 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура "уурдоо" жана "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлерин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aktivist0707
2015-10-07 11:59:13
бизге окшогондор да алса болот бекен Алтындан
0
M89
2015-10-07 12:22:36
Ошол жерде иштеген жетекчилер оздору уурдаса керек.
+1
EdikoKG
2015-10-07 12:43:52
Суунуку сууга да.
0
Sake80
2015-10-07 12:52:20
Канчалаган тонна алтындар чыгып кетти.Ошолорду корбой 1кг алтынды издеп калышыптырго
+7
Akmosha
2015-10-07 13:13:51
жогорку бийликтин да улушу болсо кереееек...Папалам дегендир,болбосо мынча чыгымдан корксо керек.
+1
Bek11
2015-10-07 13:48:27
кумтордон тонна алтындарды алып чыгып кетип жатат ошону караганда адам бар бекен
+1
shailoo2015
2015-10-07 17:54:22
Жетекчисин тез-тес алмаштыра берсе ошондой болот эскинин курсагы тойгондо жанысы келет. Ал жерде көп эле алтын уурдалат деп уккам бирок аны айталбаса керек уурдагандар баары өздөрүго
+1
nura.177
2015-10-07 19:12:09
Бул уурдалган алтындын долясын бербей койсо керекда,ошого издеп жатышат,калп эле эл козуно.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан