Ош шаарында бир мезгилде төрт балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат

Ош шаарында бир мезгилде төрт балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Жапалак айылдык башкармалыгындагы Төлөйкөн айылына салынып жаткан 90 орундуу балдар бакчасы кош каржылоо принцибинин негизинде курулуп жатат. Ош мэриясынан билдиришкендей, 50 пайызы жергиликтүү бюджеттен, 50 пайызы жеке ишкерлердин колдоосу менен болуп, жалпы 17 миллион сом сарпталууда. Бүгүнкү күндө балдар бакчасынын курулушу аяктап, ичин жана сыртын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Пятилетка айылында курулуп жаткан балдар бакчасы эки кабаттан турат, жалпы аянты 1225 чарчы метрди түзөт. Баасы 24,5 миллион сомго бааланып, анда заманбап жуунуучу, уктоочу жана эс алуучу бөлмөлөр курулат. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 2016-жылга бүткөрүү пландаштырылган.

Ушул жылдын 30-июнь күнү курулушу башталган Озгур айылындагы 120 орундуу балдар бакчасы 43,73 миллион сомго бааланган болсо, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 23 миллион сомго бааланган. Бүгүнкү күндө курулуштун эки кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Достук аймактык кеңешинде жайгашкан №13-балдар бакчасынын курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталган болсо, бүгүнкү күндө экинчи кабаты курулуп жатат. Анын сметалык баасы 35 миллион сомго бааланган болсо, тендерден утуп алган компания 17,9 миллион сомго курууда.

Аталган балдар бакчасынын курулуш иштери менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып чыгып, белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен сапаттуу бүткөрүлүүсү керектигин тапшырды.

Ош шаарында ушул кезге чейин 1,5 жыл аралыгында эки балдар бакчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gema
2015-10-07 11:49:01
жакшы жакшы
0
Neizvestno777
2015-10-07 12:18:38
Ушул жылдын 30-июнь күнү курулушу башталган Озгур айылындагы 120 орундуу балдар бакчасы 43,73 миллион сомго бааланган болсо, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 23 миллион сомго бааланган. Бүгүнкү күндө курулуштун эки кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Достук аймактык кеңешинде жайгашкан №13 балдар бакчасынын курулуш иштери ушул жылдын Июнь айында башталган
0
Neizvestno777
2015-10-07 12:21:46
20миллион айырма болсо эптеп септеп курат экен да кымбат болсо да сапаттуу курбайбы
0
aikokul14
2015-10-07 13:15:35
Чонураак эле салбайбы деймда,120 орун деген торт тайпа бала бататго.
0
pirim77
2015-10-07 13:43:14
ошого да шугур дешибиз керек буга чейин омурундо бала бакча болбогон озгурга, он адырга бала бакча тушту. отуруп сындоо оной иш жузундо аткаруу кыйын. мамлекет бербейт деп жер тепкилгенибиз менен инвесторлорду таап ушуну куруп жаткандарга рахмат айтышыбыз керек. жумурткадан кыр издегенди койсок боло.коп суммага курса коп акча кетти дейбиз, аз сумманы чапчыса аз значить эптемей дейт экенбиз. сабыр тууганлар курулай жамандабоо керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан