Бишкекте МАИ кызматкеринин погондорун жулуп, чыр чыгарган жаран кармалды

Бишкекте жол-кайгуул кызматкеринин погондорун жулуп, чыр чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-октябрда МАИ кызматкерлери Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузганы үчүн Хонда үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. 41 жаштагы С.Б. аттуу айдоочу инспекторлорго күч колдонуп, чыр чыгарып, биринин погондорун жулуп салган. Жыйынтыгында жол-кайгуул кызматкерлери аны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
karona
2015-10-07 12:06:25
Эмне баары эле погон жулгуч болуп чыга келишти, тарбиясыздыгынарды корсотпой туз журсонорчу палбандар!
+1
EdikoKG
2015-10-07 12:46:24
Мыйзамдын кучу жок. Ошондуктан коркпой,укук коргоочуларга кол которуу кобойуп баратат.
+1
Akkaynt
2015-10-07 15:00:32
Азыр кыргызстанда мода окшойт пагон жулмай жаш жаш балдар болсо ал байкуштарды эч ким тоготпойт экен да
0
talant87
2015-10-07 17:00:01
Кайсыл бир органдын адамы менен уруша кетсен пагонун ОЗУ жулата куноону сага оодарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан