Футбол боюнча Тажикстандын машыктыруучусу: "Кыргыз футболчуларынын ичинде лидер жок, бирок команда бар"

8-октябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында кыргыз футболчулары Тажикстан курамасын кабыл алат. Бул беттеш тууралуу Тажикстандын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев ой бөлүштү. 
"Тажикстан курамасы бул тандоону Иорданияга утулуу менен баштаган. Кийин өз үйүбүздө Бангладеш курамасы менен тең ойнодук. Кыргыз футболчулары болсо мелдешти жеңиш менен баштады. Менин оюмча, кыргыз футболчуларынын ичинде лидер жок, бирок команда бар. Бул команданын жыйынтык көрсөтүүсүн шарттайт. Менин оюмча, кыргыз футболчулары менен оюн кызык болот. Майдандагы оюн баарын көрсөтөт. Биз Бишкекте өз оюнубузду көрсөтөбүз",- деди машыктыруучу.
Ал эми Тажикстан курамасынын чабуулчусу Хуршед Мазмудов 5-октябрда туулган күнүн белгилеген машыктыруучуга жеңиш белек кылууну команда пландап жатканын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
karona
2015-10-07 12:02:11
Деги эле кой! Психическая атака болуп кетиптир го биягы! Коробуз ким женет ким женилет.
+2
aikol87
2015-10-07 12:22:41
karona, ошону айтсан.оздорунчо кыйынго а.куда кааласа биздики женет.
+2
vabank
2015-10-07 12:31:10
Тажикстан Кыргыз Республикасына оңтойсуз (неудобный) каршылаш, ошону унутпашыбыз керек...
0
kadamjai90
2015-10-07 13:33:43
Алга кыргыз....
+3
Krasnoyrsk124
2015-10-07 13:36:14
3:1 эсебинде кыргызстан женип алат коросунор
+2
aikol87
2015-10-07 13:39:50
Krasnoyrsk124, оозуна май))).
+3
amanatym
2015-10-07 13:37:26
Кыргызстан женип кетсе экен
+3
DIAFRER
2015-10-07 13:48:09
Кудайым буюрса женебиз!!! Ийгилик футболчуларыбызга!!!
+1
Tnarbek
2015-10-07 14:23:28
Топ тоголок
0
bema_bema
2015-10-07 14:29:44
Ээ кудай женип эле калалаык
0
Mars55
2015-10-07 14:43:00
Дарбазачыбыз тажик бирок
+1
janybek93
2015-10-07 16:00:45
Таджикстан буга чейин бизден кучтуу болуп келгени чындык бирок биздин сборный азыр такыр башка команда тренер башка оюн башка тактика башка буюрса женебиз корсотобуз ким хозяев экенин буюрса женебиз жениш керек ЧМ болбода Азияга финалга чыгыш керек группадан 2 оорунга илинип
0
Nur4ik11
2015-10-07 20:43:29
Качан болот
0
s5kgbal
2015-10-07 21:18:02
утушса экен)))
0
edik.toloikon
2015-10-08 01:08:11
Силер машыктыруучуңардын туулган күнүнө жеңиш белек кылсыңар, биздикилер Путиндин туулган күнүнө жеңиш белек кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан