Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Салык кызматына маалыматтарды онлайн функциясы менен бериле турган көзөмөлдүк-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Бул тууралуу 7-октябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
“ККМ онлайн режими” долбооруна ыктыярдуу негизде ишкердиктин 35 субъектиси – ишмердиктин ар кандай түрлөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде супермаркеттер, АЗСтер, дарыканалар, медициналык лабораториялар, диагностикалык борборлор, ТТСтер, кафелер, дүкөндөр жана мейманканалар катышууда.
Салык кызматы көзөмөлдүк-кассалык машиналарды фискалдаштыруу аркылуу акча каражаттарын эсепке алуу боюнча көзөмөлдүк ишенимдүү системин жайылтууда. Ал эми бул салыктарды туура жана толугу менен эсептөөдө, салыктарды тескеп башкарууда көзөмөлдүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө мүмкүндүк берет.
Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмоновдун айтымында, долбоорду ишке ашыруу мамлекетке гана эмес, ошондой эле салык төлөөчүлөргө да олуттуу пайда келтирет. “Акча жүгүртүүлөрдү мыйзамдаштыруунун эсебинен салык жыйымдары көбөйөт, айкын фискалдык систем түзүлөт. Ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсү түзүлөт жана абийирдүү субъекттерге карата көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскартылат”,- деди Осмонов.
Онлайн режиминде маалымат берүү функциясы менен көзөмөлдүк-кассалык машиналарды убактылуу колдонуу пилоттук механизмин киргизүү август айынан тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жатат.