Александр Крестинин: "Тажик футболчулары менен оюн оңой болбойт"

Кыргыз футболчулары менен Тажикстан курамасы 8-октябрда кез келет. Бул беттешке учурда бир катар даярдык көрүлүп жатат. Улуттук курамабыз машыгуу сборун ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу команданын машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 
Анын айтымында, курамда бир аз өзгөрүүлөр болду. Сары айып кагазынан улам майданга чыкпай турган Валерий Кичиндин ордуна кайсы футболчу ойной турганын ал сыр бойдон калтырды. "Тажикстан курамасы менен оюн кыйын болот. Албетте, бул команданын курамында бир топ күчтүү оюнчулар бар. Биз өз оюнубузду көрсөтүп, аларга каршы кандай тартипте ойной турганыбызды аныктап алдык",- деди А.Крестинин.
Сөз арасында машыктыруучу күйөрмандарды беттешке өз убагында келүүгө жана тартип бузбоого чакырды, анткени машыктыруучунун алдында федерациянын вице-президенти Асылбек Кадралиев сөз алып, ФИФА 28 миң доллар айып салганын айткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
amanatym
2015-10-07 13:35:55
ийгилик.алга кыргызстан
0
aikol87
2015-10-07 13:36:37
Дарбазачыбыз тажик элего Эми кандай болот.
0
Mars55
2015-10-07 14:34:31
aikol87, менда ошону айтамда
+1
1982bek
2015-10-07 13:40:45
Алга,Кыргызстан!Ийгилик спортчуларга!
+1
BAYAW-KG
2015-10-07 13:56:13
биз колдойбуз сиздерди. буйруса утабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан