Бүгүн, 7-октябрь күнү саат 9:00 чамасында Кара-Балта шаары менен Новониколаевка айылынын унаа жолунда
МАИ кызматынын эки унаасы менен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа кагышканын окурман
SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган.
Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов кырсык 4 унаанын ортосунда катталганын SUPER.KG'ге айтты. "Учурда кырсык боюнча материалдар жыйналып жатат. Окуянын чоо-жайын толук маалымат келген соң кабарлайм. Ал эми ким күнөөлүү экенин тергөө органдары аныктайт. Кырсыкта Хонда Фит унаасы да болгон",- деди ал.