Орусиянын Краснодар шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын көп кабаттуу үйдүн чатырына таштап кеткен 26 жаштагы айымга карата кылмыш ишин иликтөө аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, тиешелүү материалдар сотко жөнөтүлдү. Учурда ымыркай ооруканада жана анын абалы жакшы экенин баса белгилешет ММКлар.
Эскерте кетсек, 26-августта аталган үйдүн тургундары чатырда ымыркайды табышкан. Анын энеси Кыргыз Республикасынын жараны экени жана ал Краснодар шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жатканы аныкталган. Суракта айым кош бойлуулугун аны менен чогуу жашаган туугандарынан жашырыш үчүн ушундай кадамга барганын айтып берген. Ал туугандары жыныстык мамиле болгонун билип калышса, аны үйдөн кууп жиберишет деп ойлогон.