Бишкекте Австралияга гол киргизген футболчу Алмаз Мирзалиев Тажикстан жана Бангладешке каршы оюнга чыкпайт (толук курам)

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан жана Бангладеш менен ойной турган курамды бекитти. Буга чейинки оюндан айырмаланып, бул беттеште бир топ өзгөрүү болгон. Мисалы, Бишкектеги беттеште Австралиянын дарбазасына гол киргизген чабуулчу Алмазбек Мирзалиев курамга алынган жок. Анын ордуна "Дордойдун" дагы бир чабуулчусу Кайрат Жыргалбек уулу ойномой болду. 

Толук курам: 

Дарбазачылар: Матяш Павел ("Мазия" клубу, Мальдив аралдары), Валерий Кашуба ("Худжанд", Тажикстан), Руслан Амиров ("Туранспор", Түркия);

Коргоочулар: Талант Самсалиев, Тего Дениэл, Шерзот Шакиров, Курсан Шератов (баары "Дордой"), Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Гранитас", Литва), Виктор Майер ("Меппен", Германия);

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхард ("Прачуап", Таиланд), Антон Землянухин ("Раднички Ниш", Сербия), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков (экөө тең "Абдыш-Ата"), Ильдар Амиров ("Туранспор", Түркия), Турсунали Рустамов, Павел Сидоренко ("Алга"), Азиз Сыдыков, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев (баары "Дордой");

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Нюрнберг-2", Германия), Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия). 

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин.

Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары эртең, 8-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстан курамасын кабыл алат. Беттеш 19:30да башталат. Ал эми Бангладеш менен оюн 13-октябрга пландалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mars55
2015-10-07 18:38:13
Эмне себептен толук маалымат бергилечи?
+5
ulukbek.kg
2015-10-07 19:43:38
Тетте да чыкпайт го э?
0
Patriot...kg
2015-10-07 20:08:46
Алга
0
as-salam
2015-10-07 21:04:23
Валерий Кичинди неге албай койдуу
0
aziret-92
2015-10-07 21:05:39
Тетте, Мирзалиев 13-октябрдагы оюнга чыкса керек.Травма алып калбасын деп бул оюнга чыгарган эмес окшойт.
0
make2
2015-10-07 21:27:01
Башталышы 7:30 да дейт 8:00дейт Так маалымат берип койгулачы
0
Nusii
2015-10-07 21:34:38
Антон Землянухин ушул оюнчуну сыйлайм!
0
maestro123
2015-10-08 00:57:39
Кантсе да курама командабызды ийгилик коштосун. Жакшы оюн көрсөтүп жеңишке жетишсин.
0
jindijigit
2015-10-08 04:43:19
Жакшы команда тузулгон окшойт.Эртен коробуз.Алга Кыргызтан
0
juventusmilan
2015-10-08 17:12:25
алга азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан