Бүгүн, 7-октябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда беттеше турган тажик жана кыргыз футболчуларынын машыгуулары өтүүдө. Биринчилерден болуп майданга кыргыз футболчулары чыгып, 1 сааттык машыгуу өткөрүштү. Машыктыруучу
Александр Крестининдин шакирттери командалык байланышты камсыздоого багытталган көнүгүүлөрдү, стандарттык абалдарда коргонуу жана гол жаратууну шарттаган көнүгүүлөрдү аткарышты. Ал эми дарбазачылар жакын аралыктан узатылган соккуларды тосуу, бурчтан чыгарууда жана айып соккусу тебилгенде аракетке өтүү көнүгүүлөрүн кайталашты.
Машыгууга бардык оюнчулар катышты. Буга чейин алган сары айып кагазынан улам Тажикстан менен оюнга чыкпай турган Валерий Кичин дагы команда менен машыкты. Кичиндин 13-октябрда Бангладешке каршы беттеште майданга чыгары күтүлүүдө.