Бишкекте шаар тургунун карактаган 22 жаштагы эки кыз кармалды

Бишкекте шаар тургунун коркутуп, карактап кеткен 22 жаштагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен 8-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 22 жаштагы Салтанат аттуу тургуну милицияга кайрылып, 2-октябрь күнү Бишкектин Москва жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде эки кыз күч колдонуу менен 10 миң сом акчасын жана телефонун тартып алганын билдирген. Издөө иштеринин натыйжасында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган ишке шектүү катары 22 жаштагы Мээрим жана Алина аттуу эки кызды колго түшүрүшкөн. Алар Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде жашашат.
Тиешелүү материалдар жыйналып, иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Uli6886
2015-10-08 09:50:02
астафиралаа... Эмнедегеншумдук?
+3
bulak
2015-10-08 10:32:17
Куйдайым ыйман берсин баарыбызга.
0
Patriot...kg
2015-10-08 10:39:51
Хаха уже кыздар да тоной баштаганбы
0
shailoo2015
2015-10-08 10:52:09
Колунан иш келбеген, өзүнө ишенбеген, зеерикчен адамдар ушундай ишке барышат.
0
EdikoKG
2015-10-08 11:09:49
21-кылымдын каракчылары.
0
briliant87
2015-10-08 11:16:07
Кыздар балдарды зордуктаптыр дегенди уксак да тан калбай турган болуп калдык.
+1
aziza.2110
2015-10-08 11:20:55
Жолдошуна эркелеп,Эне болуп наристе жытына мас болуп отуратурган жашында торго тушсо,эртенки келечеги эмне болот?
0
Wave.
2015-10-08 17:26:25
Эгер добушубузду сатып, баягы эле талап тоногучтарды шайлай берчу болсок, мындай корунуш кадимки эле нерсеге айланат.
0
timarama91
2015-10-08 23:17:39
Ухх сени анырайтты го оозду. Заманын менен сени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан