Оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн 9 адам бир сутка ичинде кармалды

Милиция бир сутка ичинде издөөдө жүргөн 9 адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери "Издөө", "Нелегал", "Транзит" аттуу операцияларды жүргүзүп, оор кылмыштарды жасап, соттон качып жүргөн адамдарды издешти. "Иш-чаралардын жыйынтыгында бир сутка ичинде издөөдө жүргөн 9 адам кармалды, алардын экөө федералдык издөөдө болгон. Бишкек шаарынан 6 адам, Таш-Көмүрдөн 1 адам, Ысык-Көл облусунан 2 адам кармалды",- деп билдирет мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан