Бүгүн, 8-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан менен Кыргыз Республикасынын курамаларынын оюнун кабыл алат. Бул беттешке көрүлгөн даярдык алкагында 2 миңге чукул отургуч орнотулуп, жаңыланды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга катар стадиондун тосмолору бийиктетилди. Бул жолу коюлган камералардын жардамы менен стадионго элди киргизүү процесси толук көзөмөлгө алынат. Коноктор отуруучу VIP-трибуна кеңейтилип, үстү жабылды. Стадиондогу чөптүн абалы текшерилип, жакшы абалда экени байкалды.
Федерация күйөрмандарды маданияттуулукка чакырып, адаттан тыш көрүнүштөргө барбоону суранат.