Учурда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан менен беттешип жатат. Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин негизги курамды акыркы мезгилге чейин сыр кылып сактап келген. Жыйынтыгында ал тажик футболчуларына каршы туруу үчүн майданга төмөнкү 11 футболчуну чыгарды, окуянын өнүгүшүнө жараша ал оюнчуларды алмаштырышы мүмкүн.
Жарыяланган негизги курам:
Дарбазачы: Матяш Павел.
Коргоочулар: Тего Дениэл, Курсан Шератов, Азамат Байматов, Виктор Майер.
Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхард, Антон Землянухин, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков.
Чабуулчулар: Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев.