Милиция: Стадиондо кызмат кылчу тартип сакчылары жумушун аткарып коюп футбол көргөнгө укуктуу

Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен беттешүүдө. Бул беттеште тартипти көзөмөлдөө үчүн 3500 милиция кызматкери тартылган. Алар күйөрмандарды эшиктен киргизүү, унааларды чектөө коюлган жайдан өткөрбөө иштери менен катар күйөрмандарды көзөмөлгө алышмакчы.
SUPER.KG порталына ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Турсунбек Чалов билдиргендей, учурда тартип сакчылары өз кызматтарын так аткарууга даяр. Ошондой эле ал тартип сакчылары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: "Күйөрмандардын майданга чуркап чыгып кетпөөсү үчүн, ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн стадиондун алдынкы катарына милиция кызматкерлерин отургузабыз. Алар эл ордун таап, тынчтанган соң абалды турукташтырып коюп футбол көрө беришет. Алар кечке эле майданга далысын салып, элди карап тура беришпейт"
Кошумчалай кетсек, футбол өнүккөн Европа өлкөлөрүндө коопсуздук кызматкерлери майданга далысын салып, күйөрмандар тарапты карап турушат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан