Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары оюн талаасына чыгышты. Кыргыз командасын күйөрмандар кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Кыргыз оюнчулары ак түстүү формада, атаандаш команда кызыл формада оюн көрсөтүшөт. Саналуу мүнөттөрдөн кийин оюн башталат. Учурда мамлекеттердин гимндери жаңырууда.
Оюндун башталышына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов көз салышууда.