Бишкекте футбол боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын оюну уланууда. Гол! Кыргыз командасы атаандаш дарбазага алгачкы голду киргизди. Күйөрмандар стадионду жаңырта кыйкырышууда. Голду команданын жарым коргоочусу Бактияр Дүйшөбеков 8-мүнөттө киргизди.