Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын футболдук курама командаларынын беттешинин 2-таймы старт алды.
1-таймда кыргыз командасы активдүүлүк көрсөтүп, эсеп 1:0 эсебинде аяктаган. Кыргыз курамасы азырынча алдыда. Жалгыз голдун автору - жарым коргоочу Бактияр Дүйшөбеков.