Футбол боюнча улуттук курама команда менен Тажикстандын ортосундагы оюнда 2:2 эсебинде тең чыгуу катталды. Бул оюн боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу
Александр Крестинин комментарий берди. Ал 2-таймда тажик футболчуларынын гол жаратканы күтүүсүз болгонун жана ошол учурду териштирип жатканын айтты.
Ошондой эле А.Крестинин төмөнкүлөргө токтолду: "2-таймда биздин оюнчулар чарчагандай түр көрсөтүп, бир топ боштук кылып коюшту, бирок оюндун акырында алардын кандай чуркаганын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Команда 1-таймдагыдай ойногондо жеңишти камсыздамакпыз, себеби алгачкы 45-мүнөттүктө бардык футболчуларыбыз менин тапшырмаларымды так аткарып, жакшы ойношкон".