Футбол: Күйөрмандар колго желек кармап, башка калпак кийип, кыйкырыкты 1 мүнөткө да токтотушкан жок (фоторепортаж)

Тажикстан менен кыргыз футболчуларынын беттеши аяктады. Баарынан мурун тең чыгууга кыргыз футболчуларына жан тартып, көп убакыттан бери даярданып келген күйөрмандар кыжалат болушту. Күйөрмандар атайын бир секторду ээлеп, оюн бүткөнгө чейин кыйкырып турушту. Алардын арасында болуу бардык эле күйөрманга дем берет, себеби алар хор менен оюнчулардын атын атап ырдап, түрдүү ураандар менен футболчуларга дем берүүгө аракет кылышат. Бүгүнкү беттешке келген күйөрмандардын көбү беттерине өлкө желегин, оюуларды түшүрүп, кызыл түс менен "KG" деп жаздырып алганын байкоого болот. Алар команда алгачкы голун киргизгенде да, катары менен 2 гол өткөргөндө да, эсепти теңегенде да команданы колдоону токтотушкан жок. Атүгүл алар футболчулар майдандан чыгып кеткенге чейин стадиондун тегерегинде иш-чара өткөрүүнү пландашты.  
Кыргызстан-Тажикстан беттеши 2:2 эсебинде аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Patriot...kg
2015-10-08 23:40:06
13-октябрь мен да күйөрман болом
+7
Sandrana
2015-10-09 13:08:53
Patriot...kg,13 октябрьда Кыргызстан менен кайсыл мамлекет ойнойт айтып койгулачы!
0
nari94germanya
2015-10-08 23:46:40
Azamat kyrgystan.oto kybanychtamyn.algaaaaaaaaaaa ar daaiym.
+7
make2
2015-10-08 23:57:33
Иордания Австалияны 2:0 го утту эми кыйын болуп калды 4 ойун калды
+6
jindijigit
2015-10-09 00:16:03
Мына сага фанат жиндилери же патриоттор!
+4
medina.
2015-10-09 01:00:58
Кызыктырат го)азаматтар!
+4
gulaza
2015-10-09 03:12:29
Жакшы кабар жакшы туш коробуз эми ушундай биримдикте болсок жарашат экен суйунуп жатам бар бол элим!
+1
bayas.07
2015-10-09 06:26:14
ушул бирөөлөрдү туурап беттерин боёбой эле коюшпаптырда, зыңкыйып улуттук калпактарды кийип дүркүрөтө кыйкырып турушса болмок.
-7
jamal-ai
2015-10-09 12:15:21
мен да бармакмын, баякыдай студент болгонумда. Азаматтар, ар дайым ушундай позитив жаратып колдоп жургулочу.
0
Sandrana
2015-10-09 13:10:42
Азаматсынар кыргыздын жигиттери,акыркы гол киргенде озум женип алгандай эле суйунгонумдон козумдон жащ чыгып кетти мындан арыда КУДАЙ колдосун ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан