Тажикстан менен тең ойногон улуттук курам 2 упайдан куру калды, Иордания өз үйүндө Австралияны утуп алды (мелдеш жадыбалы)

Бүгүн, 8-октябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында 5-тур оюндары орун алды. Бул күнү кыргыз футболчулары Тажикстанды кабыл алса, Иордания курамасы Австралияны кабыл алды. 
Бул күндөгү оюндардын жыйынтыгында тең чыккан командалар бирден упайга, жеңишке жетишкен командалар үчтөн упайга ээ болушту. 
Өз үйүндө кыргыз футболчулары менен тең ойногон Иордания курамасы Австралияны 2:0 эсебинде утуп алды. Азия чемпиондорун утуу менен иорданиялыктар 4 оюндагы упайларынын санын 10го жеткиришти. 
Ал эми өз үйүндө Тажикстан менен тең ойногон улуттук курамабыз бир гана упай алып, карамагындагы упайлардын санын 5ке жеткирди. Муну менен курамабыздын Азия чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгү (Дүйнө чемпиондугун айтпай эле коёлу) бир топ татаалдашып кетти.  

8-октябрь. 5-тур 
Иордания - Австралия - 2:0
Кыргыз Республикасы - Тажикстан - 2:2 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Fernando
2015-10-09 00:46:15
Эми уткула
0
shamilaisan
2015-10-09 00:46:23
Ах блин неге женбедик е
+4
BAYAW-KG
2015-10-09 00:54:27
Шанс калбады. эми башка оюндарга камыныш керек бул чемпионатка барбай калдыкго дейм.
+1
namazbek__92
2015-10-09 00:59:28
Вот это Иордания!
0
make2
2015-10-09 01:15:21
13 Австралия тажиктерди жеңет 12 очко м/н 1- места
0
Xanif
2015-10-09 01:37:15
Кыргызстан Бангалдарды женсе 8 очко алса, ошондо канча оюну калды?-ким билет? Австралияга да барабы коноко?
0
adiko2015
2015-10-09 01:57:28
Блин бутту шанс жок эми женилдик
0
adiko2015
2015-10-09 02:01:25
Дагы кыргызстан 4 оюну бар бирок упай чогултуш эми кыйындашты иордания австралияны женип койду эгерде женилгенде бизге бир топ женишке жетиш оной болот эле
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-09 02:50:47
Кыргызстан менен Бангладеш ойной элек. Үмүттү үзбөйлү туугандар.. Тажиктерди жергеңде жакшы болмок эле.. Неге жакшы ойношо алган жок
+1
zheentaev
2015-10-09 08:39:41
Кыргызстанды Бангладешке барып женип келген. Иорданияга барып тен чыкты. Ал эми Австралиадан женилди. Тажиктер менен тен чыкты. Эми Бангладеш жана Иордания менен Бишкекте, Австралия менен Тажикстанга конокко барышат.
0
warsaw.
2015-10-09 09:43:31
ошондо да шанс жок бизге болду бүттү акыркы шанс эле тажиктерди жеңгенде
0
aikol87
2015-10-09 10:08:37
Шанс бар ал учун Экинчи круг баарын жениш керек.
0
enka
2015-10-09 10:10:36
Аракет кылсак болот эле кечее биринчи таймда )) шанс бар болчу
0
bektursun2010
2015-10-09 19:35:24
аз калышыга аз калдыго женет деп эле отурганбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан